ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 29-сессиясынын кезексиз отуруму
2023-жылдын 20-апрелиндеги № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги айыл чарба техникаларынын иштөө тарифтерин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги айыл чарба техникаларынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү иштөө тарифи боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 29-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги айыл чарба техникаларынын иштөө тарифтери тиркемелерге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет 4 баракта )
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги айыл чарба техникаларынын элге кызмат кылууда ушул бекитилген тарифтин негизинде иш алып баруу жана техникалардын абалына көз салуу жана оңдоп түзөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |