Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 7-марты  № 01-7/10

Сары-Өзөн айылдык кеңешинин, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жана “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын Устав, Жоболорун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын аткаруу максатында,Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Жоболорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ” Убактылуу жобонун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 6-мартындагы №01-25/77 буйругунун негизинде, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин Жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;

- Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн Уставы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин;

- Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн Жобосу №3 тиркемеге ылайык бекитилсин;

- Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын Уставы №4 тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине тийиштүү материалдарды дайындоо жооптуу катчы С.Аныровага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам. 

 

Төрага        

 

 Т.Э.Бектемиров