ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 29-сессиясынын кезексиз отуруму
2023-жылдын 20-апрелиндеги № 6
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Дароот-Кргон айылынын ПМК участкасынын № 1308 контурунда жайгашкан таштуу жайыт эсебинде турган 0,05 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 29-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Кргон айылынын ПМК участкасынын № 1308 контурунда жайгашкан таштуу жайыт эсебинде турган 0,05 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |