Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 18-августу № 14/1
Ак-Чий айылындагы "Нур-Эл" бала бакчасына
көрүнүктүү жазуучу жана коомдук ишмер
Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Комиссиясынын сунушунун негизинде, ошондой эле Ак-Чий айылындагы "Нур-Эл" бала бакчасынын жалпы жамаатынын 2025-жылдын 15-июлундагы №1 протоколунун негизинде, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Ак-Чий айылындагы "Нур-Эл" бала бакчасына көрүнүктүү кыргыз жазуучусу, коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин
2. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |