Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 18-августу № 14/2
Жаңы-Тилек айылындагы "Нур-Ал" бала бакчасына Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Корчубек Акназаровдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын сунушунун негизинде, ошондой эле Жаңы-Тилек айылындагы "Нур-Ал" бала бакчасынын жамаатынын сунушун эске алуу менен, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Жаңы-Тилек айылындагы "Нур-Ал" бала бакчасына Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Корчубек Акназаровдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |