Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин II- чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 22-майы №31
«Кара-Алма-Урумбаш токой чарбаларынын
жайыт акыларын бекитүү жөнүндө»
Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Алма-Урумбаш токой чарбасынын жетекчиси Э.Анарбай уулунун Кара-Алма-Урумбаш токой чарбасынын 2025-жылга жайыт акыларынын тарифин бекитип берүү брюнча кайрылуусун карап, талкуулап Көк-Арт айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма- Урумбаш токой чарбаларынын жайыт жерлеринин акыларынын баалары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ушул бекитилген баалардын негизинде токой мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу жагы Кара-Алма-Урумбаш токой чарбасынын жетекчиси Э.Анарбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго
жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
К.Э.Исмаилов |
|
“Бекитемин” Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: _______________________ К.Э.Исмаилов М.О “_____” ______________2025-ж. Көк-Арт айылдык кеңешинин 22-май 2025-жылдагы кезектеги VI-сессиясынын №31-токтомуна №1-тиркеме |
№
| Айыл чарба жандыктары | Бир баш жандыктын бир айлык жайыт ченеми, га | Жер салыгынан сырткары ижара акынын өлчөмү, сом менен |
1 | Кой | 0,25 | 75,0 |
2 | Козу | 9,25 | 37,0 |
3 | Эчки | - | 600,0 |
4 | Улак | - | 200,0 |
5 | Бодо мал | 54,75 | 219,0 |
6 | Торпок | 27,25 | 109,0 |
7 | Жылкы | 57,25 | 230,0 |
8 | Кулун | 27,25 | 109,0 |
9 | Чатыр орнотууга | 500,0 | 500,0 |
Директор |
Анарбай уулу Э |