Редакцияот 22.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин II- чакырылышынын

кезектеги  VI сессиясы

 

 

2025-жылдын  22-майы  №33

 

«Жердин багытын которууга макулдук

берүү жөнүндө»

 

       Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы,           Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылынын К.Осмоналиев ж.б.б орто мектебинин жанында жайгашкан 0.50 га спортзал куруу үчүн бөлүнгөн жердин багытын Айыл чарба багытындагы айдоо жерлер категориясынан Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү боюнча Көк-Арт айылдык кеңешинин Айыл чарба жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

              1. Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылынын К.Осмсоналиев ж.б.б орто мектебинин жанында жайгашкан 0.50 га спортзал куруу үчүн бөлүнгөн жерди Айыл чарба багытындагы айдоо жерлер категориясынан Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

 

                 2. Иш кагаздарын даярдоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы О.Анаркуловго жүктөлсүн.

 

                 3.  Токтомун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

К.Исмаилов