Редакцияот 22.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин II- чакырылышынын

кезектеги  VI сессиясы

 

 

2025-жылдын  22-майы  №35

 

« Жердин багытын которууга макулдук

берүү жөнүндө»

 

           Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагынын Калмак-Кырчын айылынын №2949.2960.2959.3853.2946.2947.2948.2950.2957. контурларында жайгашкан 5.80 га жайыт жердин багытын Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер багытына которууга макулдук берүү Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловдун сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

     1.Көк-Арт айыл аймагынын Калмак-Кырчын айылынын № 2949.2960.2959.3853.2946.2947.2948.2950.2957. контурларында жайгашкан 5.80 га жерди Жайыт жерлер категориясынан Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Иш кагаздарын даярдоо жана КР мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы О.Анаркуловго жүктөлсүн.

 

3. Токтомун аткарылышын көзөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Исмаилов