Редакцияот 20.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги VIII сессиясы

 

 

2022-жылдын 20-декабрындагы № 40

 

«Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылында туулуп өскөн Элбаев Төлөгөн Осмоновичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»

Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат-сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын 15-октябрь 2022-жылдагы жалпы элдик жыйналышынын протоколунун жана айыл эли менен иштөөдөгү активдүү эмгегин баалап, талкуулап чыгып

 

Токтом кылат

 

1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын тургуну, Эльбаев Төлөгөн Осмоновичке Большевик айылынын жалпы элдик жыйынын 15-октябрь 2022-жылдагы протоколун “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.

Эльбаев Төлөгөн Осмонович “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу”деп аталсын.

 

2. Большевик айылынын тургуну Эльбаев Төлөгөн Осмоновичке “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Кылычбек Максутовго жүктөлсүн.

 

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы

Турдали уулу К.