КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин II- чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 22-майы №36
«Жердин багытын которууга макулдук
берүү жөнүндө»
Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Алма айылынын Кара-Алма токой чарбасына караштуу № 1021,1020,1023- контурларындагы жерди Мазар кылуу үчүн багытын которуп берүү боюнча Кара-Алма айылынын тургундарынын кайрылууларын эске алып, Айыл чарба жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Алма айылынын Кара-Алма токой чарбасына караштуу №1021,1020,1023-контурларындагы жайгашкан жер Мазар кылуу үчүн Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Иш кагаздарын даярдоо жана КР мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы О.Анаркуловго жүктөлсүн.
3. Токтомун аткарылышын көзөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
К.Исмаилов |