Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин II- чакырылышынын
кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 22-майы №37
«Көчөгө ат коюу жөнүндө»
Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагынын Канжыга айылынын Талаа Канжыга участкасына 1980-жылы 19-жашында Ооган согушунда баатырларча курман болгон Камбаралиев Куламжан Кочкоровичтин атын коюп берүү боюнча Канжыга айылынын элинен калген кайрылууну жана Спорт, туризм, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Канжыга айылынын Талаа Канжыга участкасына Ооган согушунда баатырларча курман болгон Камбаралиев Куламжан Кочкоровичтин аты ыйгарылсын.
2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.
3. Токтомун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
К.Исмаилов |