Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин II- чакырылышынын
кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 30-майы №38
«Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин
чыгышаларына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинини 4-пунктуна ылайык , Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин чыгымдарына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жөнүндө ФЭБнун кайрылуусун угуп талкуулап Көк-Арт айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бюджет кодексинин 130-беренесине ылайык, баланстуулукту сактоо максатында чыгаша бөлүгүнүн планы төмөндөгүдөй көбөйтүлсүн;
- ЖКХ 70629 бөлүмүнүн 3111 беренесине Жерге-Тал айылына Араптар тарабынан “БАХРЭЙН-3” шаарчасынын курулушуна 495,2 миң сом, Кожобаев, Иминов,Чолпонкулов, Жолдошев,Мамат палван көчөлөрүнө столба алууга 350,0 миң сом, Жалгыз-Жаңгак айылындагы кичи фудбол аянтчага клем(газон) алууга 800,0 миң сом, Кара-Алма айылындагы көпүрөнү оңдоого 250,0 миң сом, Жоон-Күнгөй айылындагы ФАПтын алдына стяшка жана айланасын тосууга 100,0 миң сом, 3112 беренесине Жоон-Күнгөй айылындагы көчөнү жарыктандырууга прожектор алууга 70,0 миң сом, 2221-беренесине Примбаев, Жолдошев көчөлөргө шагыл төгүү үчүн 140,0 миң сом, Жоон-Күнгөй айылындагы Нышанов көчөсүндөгү көпүрөнү оңдоо үчүн 50,0 миң сом, 2215 беренесине Таза суу муниципалдык ишканасына көчөлөрдү тазалоого 300,0 миң сом.
- Аппарат 70111 бөлүмүнүн 2215-беренесинин 50,0 миң сом баннарлерди жасатууга,Бахрейн-3 шаарчасынын документттерин жасатууга 500,0 миң сом, 2211 бернесине айыл өкмөттүнүн кызматкерлерине 57,4 миң сом,
-Соц 71092 бөлүмүнүн 2721-беренесине элге материалдык жардам берүүгө 130,0 миң сом ,
-Китепкана 70821 бөлүмүнүн 2222-беренесине Кара-Алма айылындагы китепканага канцтовар алууга 10,0 миң сом
- Орто мектеп 70921 бөлүмүнүн 2215-беренесине Казакбаев мектебинин ички жасалгалоосуна 300,0 миң сом,
-Жайыт 70429 бөлүмүнүн 2215-беренесине жайыт акы үчүн 650,0 миң сом (Тиркеме№ 2)
2.Көк-Арт айыл кеңешинин 27-февраль 2025-жылдагы IV-сессиясынын 13-токтому менен бекитилген бала-бакча 70911 бөлүмүнүн 3112 беренесине видио байкоого бөлүнгөн акча каражатынан 47,8 миң сом, багытын өзгөрүү менен Тамара айшоола балдар бакчасына кир жуучу машина алынсын. ЖКХ бөлүмүнүн 3111-беренесине Кара-Алма айылына суу чыгарууга бөлүнгөн акча каражатынан 30,0 миң сом Багыш учаскасына көчөлөргө азбиз турба алууга жумсалсын.
3.2025-жылга бекитилген бюджеттин чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Джапарвко милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловко жүктөлсүн.
Төрага |
К.Исмаилов |
|
БЕКИТЕМИН Көк-Арт айыл кенешишин төрөгасы ________________ К.Э.Исмаилов 30-май 2025-жылдагы 4-сессиясынын 38-токтомунун 1-тиркемеси |
Кирешелерди бөлүштүрүү
(Жергиликтуу)
№ | Аталышы | Бөлүм | Берене | Жасала турган иш | Сом менен |
1 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 3111 | Кара-Чолок айылынын Кожобаев-8, Иминов-8 даана көчөлөрүнө столба алуу | 160,0 миң сом |
2 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 3111 | Жалгыз-Жаңгак айылындагы кичи фудбол аянтчага клем (газон) алуу | 800,0 миң сом |
3 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 3111 | Кара-Алма айылы Багыш учаскасына азбиз турба алуу | 30,0 миң сом |
4 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 3111 | М.Орозалиева мектебинин ичиндеги трансформаторду тышка К.Чолпонкулов көчөсүнө чыгарууга 6 даана столба алуу | 60,0 миң сом |
5 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 3111 | Кара-Алма айылындагы көпүрөнү оңдоо үчүн (Салкын төр) | 250,0 миң сом |
6 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 3111 | Жоон-Күнгөй айылындагы Фаптын киреберишине цемент менен тегиздөө жана айланасын тосуу үчүн | 100,0 миң сом |
7 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 3111 | Бахрейн-3 шаарчасынын курулушуна | 1000,0 миң сом |
8 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 3112 | Жоон-Күнгөй айылындагы Малашев, Арзымат көчөлөрүнө жарыктандыруу үчүн пражектор фото релеси менен алуу | 70,0 миң сом |
9 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 3111 | Жерге-Тал айылынын К.Жолдошев көчөсүнө 7 даана столба | 70,0 миң сом |
10 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 2215 | Таза суу муниципалдык ишканасына айылдардын мусурларын тазалоо үчүн | 300,0 миң сом |
11 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 2221 | Жерге-Тал айылынын К.Жолдошев көчөсүнө шагыл | 70,0 миң сом |
12 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 2221 | Мазар-Булак айылынын Ж.Примбаев көчөсүнө шагыл | 70,0 миң сом |
13 | Көк-Арт А/Ө | 70921 | 2215 | Казакбаев мектебинин ички жасалгалоосу үчүн | 300,0 миң сом |
14 | Көк-Арт А/Ө | 70821 | 2222 | Калмак-Кырчын китепканасына канс товар | 10,0 миң сом |
15 | Көк-Арт А/Ө | 71092 | 2721 | Элге материалдык жардам берүү үчүн | 130,0 миң сом |
16 | Көк-Арт А/Ө | 70111 | 2215 | Банерлерди жасатуу үчүн | 50,0 миң сом |
17 | 70629 | 70629 | 3111 | Таза суу чыгаруу үчүн Кызыл ай коомуна салым | 70,0 миң сом |
18 | Көк-Арт А/Ө | 70111 | 2211 | Сапар чыгымдар үчүн | 57,4 миң сом |
19 | Көк-Арт А/Ө | 70429 | 2215 | Жайыт акысы үчүн | 650,0 миң сом |
20 | Көк-Арт А/Ө | 70911 | 3112 | Тамара-Айшоола балдар бакчасына кир жуучу машина | 47,8 миң жом |
21 | Көк-Арт А/Ө | 70111 | 2215 | Бахрейн-3 шаарчасынын документтери үчүн | 500,0 миң сом |
22 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 3111 | Таран-Базар айылына столба Мамат палбан көчөсү | 60,0 миң сом |
23 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 3111 | Жалгыз-Жаңгак айылындагы ФАПтын от казанын оңдоо үчүн | 90,0 миң сом |
24 | Көк-Арт А/Ө | 70629 | 2221 | Жоон-Күнгөй айылындагы Нышанов көчөсүндөгү көпүрөнү учурда оңдоо | 50,0 миң сом |
| Жалпы |
|
|
| 4995,2 миң сом |
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы |
О.Анаркулов |
ФЭБнун башчысы: |
Г.Акпаралиева |