Редакцияот 20.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги VIII сессиясы

 

 

2022-жылдын 20-декабрындагы № 42

 

2023-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына кв-1.2 зоналык коэффициентин жана тамаркы салыгы боюнча 1.0 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө Ак-Жар айыл өкмөтүнүн салык инспектору Оморова Рысгул Тойчубековнанын маалыматын угуп Ак-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2023-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына кв-1.2 зоналык коэффициент жана тамаркы салыгы боюнча 1.0 зоналык коэффициенти бекитилсин.

 

2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жар айылдык кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы

Турдали уулу К.