Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз
16-отуруму
2025-жылдын 8-октябры №16/3
Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу №24 К. Аматов атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү эшик терезелерин алмаштыруу үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жана деффекттик актысын жасатуу иштерине үлүштүк дем берүүчү грантка сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
№24 К.Аматов атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү эшик терезелерин алмаштыруу үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жана деффекттик актысын жасатуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулунун билдирүүсүн карап чыгып талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.№24 К. Аматов атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү эшик терезелерин алмаштыруу үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жана деффекттик актысын жасатуу үчүн сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн каржыланган жалпы 3 292, 816 миң сом долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салымынын 50 пайыздык 142170 миң сом өздүк салымы Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |