Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз
16-отуруму
2025-жылдын 8-октябры №16/4
Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонттон өткөрүү электр чубалгыларын улоо (электромонтаж), эшиктерин жана пол буюмдарын (кафель) алмаштыруу үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жана деффекттик актысын жасатуу иштерине үлүштүк дем берүүчү грантка сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
№25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонттон өткөрүү иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулунун билдирүүсүн карап чыгып талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.№25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонттон өткөрүү электр чубалгыларын улоо (электромонтаж), эшиктерин жана пол буюмдарын (кафель) алмаштыруу үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жана деффекттик актысын жасатуу иштерине сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн каржыланган жалпы 2 415,290 миң сом долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салымынын 50 пайыздык 169070 миң сом өздүк салымы Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |