Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 1
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 ай ичинде социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматы жөнүндө
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Берикбаевдин 2025-жылдын 6 ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Берикбаевдин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн 2025-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери алымча кошумчалары менен негизинен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Айрым кетирилген кемчилдиктерди четтетип жергиликтүү бюджетти жылдын аягына чейин аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнө жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |