Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 2
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык” мыйзамы жөнүндө
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаева Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-сентябрындагы №503 сандуу чыгыш катындагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 09-сентябрындагы №04/2624 сандуу катын жана 2025-жылдын 04-сентябрындагы №26-234 буйругун аткаруу максатында айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-сентябрындагы №174 буйругу иштелип чыккандыгын айтып бул мыйзам боюнча айылдык кеңештин депутаттарына тааныштырып чыккандан кийин депутаттар кеңири таанышып чыгып,айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык” жөнүндөгү мыйзамы аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-сентябрындагы №174 буйругунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн айыл аймагында каада салттарды, салтанаттарды жана үрп адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө маселени, бул боюнча атайын иш чара иштеп чыгып,айыл аймагындагы айылдарга, ишкана мекемелерге таркатуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо,миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |