АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 3
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү, киреше салыгынан ашыкча келип түшкөн 5000,0 миң.сом акча каражатын кошумча статьяларга бөлүштүрүү жөнүндө
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Абдиллажанованын Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү, киреше салыгынан ашыкча келип түшкөн 5000,0 миң.сомго акча каражатын кошумча статьяларга бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн жана Ала-Тоо айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү, киреше салыгынан ашыкча келип түшкөн 5000,0 миң.сомго акча каражатын кошумча статьяларга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
3112-элементине-400,0 миң сом;
2215-элементине-1000,0 миң мом;
2221-элементине-100,0 миң сом;
3111-элементине-1000,0 миң сом;
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |