Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 5
Ала-Тоо айыл аймагынын Бек-жар айылынын элдик жыйынынын 2025-жылдын 30-июнундагы №4 протоколу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары жооптуу катчы С.Топчубаева айыл аймагынын Бек-жар айылынын жалпы жашоочуларынын айылдагы мурдагы эски мончонун авариялык абалда экенин аны оңдоп түзөө же болбосо түп тамырынан жаңыдан куруу боюнча сунуштары айтылган 2025-жылдын 30-июнундагы элдик жыйындын №4 протоколу менен тааныштырды.Депутаттар бул маселени кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Бек-жар айылындагы пайдаланылбай турган эски мончону оңдоп түзөп жаңыдан курууга макулдук берилсин.
2.Мончонун жайгашкан контурларын, жер аянтын тактап андан ары иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Мончонун курулушу бүткөндөн кийин мыйзам чегинде атайын конкурстун жеңүүчүсүнө келишимди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |