Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 6
Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 04-февралындагы №10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары жооптуу катчы С.Топчубаеванын өткөн сессияда Кашкар-Кыштак айылынын жаштарынын спортсмендеринин арызда заманбап спорт комплекс куруу үчүн 2,0 (эки) гектар жер аянтын ажыратып берүү боюнча жазышкан арыздары менен 2,0 га жер аянты ажыратып берилген эле бирок бөлүнүп бериле турган жер аянты аз бөлүнүп жана ал жердин контурлары көрсөтүлбөй калгандыктан кайрадан карап чыгышып,заманбап спорт аятчасын курууга 3,0 га (үч гектар) жер аянты талап кылынгандыктан өзгөртүп, кайсыл контурда жайгашкандыгын көрсөтүп сессияда кайра карап берүү боюнча арызын карап чыгышып айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 04-февралындагы кезектеги төртүнчү сессиясынын №10 токтомундагы Кашкар-Кыштак айылынын жаштарына заманбап спорт комплекс куруу үчүн ажыратылган 2,0 (эки) гектар жер аянты талапка ылайык келбегендиктен, №328 контурунда жайгашкан 3,0 га (үч гектар) жер аянтын мыйзам чегинде ажыратып өзгөртүп трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Спорт комплекстин жер аянтын көрсөтүп, контурларын белгилеп иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |