Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 9
Ала-Тоо айыл аймагынын Мөнөк айылындагы №107 Мөнөк-Ош каттамдарындагы жүргүнчүлөрдү тейлеген маршруттардын жол акы тарифтерин көтөрүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Мөнөк айылынын айыл башчысы Ы.Абдуллаевдин Мөнөк айылынын №107 Мөнөк-Ош каттамдарындагы жүргүнчүлөрдү тейлеген маршруттар ушул күнгө чейин элдерди маданий жактан өз убагында тейлеп Мөнөк айылынан Ош шаарына чейин 20 (жыйырма) сомдон ал эми окуучуларды 5 (беш) сомдон ташып келген.Автотетиктер, күйүүчү майлар кымбаттагандыгына байланыштуу Мөнөк айылынан Ош шаарына чейин 25 (жыйырма беш) сомдон, мектеп окуучуларына 10 (он) сомдон белгилеп көтөрүп берүү боюнча сунуштады. Депутаттар бул арызды карап чыгышып айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Мөнөк айылынын жашоочулары,мектеп окуучуларын тейлеген Мөнөк-Ош каттамдарынын тарифтери Мөнөк айылынан Ош шаарына чейин 25 (жыйырма беш) сомдон ал эми мектеп окуучуларына 10 (он) сомдон тарифтерин көтөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Мөнөк айылындагы жүргүнчүлөрдү тейлеген айдоочулар элдерди маданий жактан тейлеп өз убагында, графиктин негизинде каттоо жагы каттамдын айдоочуларына милдеттендирилсин.
3.Каттамдардын өз убагында иштешин такай көзөмөлдөө жагы Мөнөк айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты,спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |