Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/5
Тилектеш айыл аймагынын Орто-Суу айылындагы Тескей
участкасынын чек арасынын схемалык картасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасынын 20.08.2025-ж. № 01-5/2146 сандуу катынын, мурунку Курманжан датка атындагы колхозунун 1993-жылдагы жер фондусунун инвентаризациялоо боюнча материалдарынын жана Аюу-Тапан жана Орто-Суу айылдарынын айыл башчысы Т.Матаевдин билдирүүсүн карап чыгып жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасынын 20.08.2025-ж. № 01-5/2146 сандуу катынын, мурунку Курманжан датка атындагы колхозунун 1993-жылдагы жер фондусунун инвентаризациялоо боюнча материалдарынын жана Аюу-Тапан жана Орто-Суу айылдарынын айыл башчысы Т.Матаевдин билдирүүсүнүн негизинде Орто-Суу айылынын территориясында туруп, бирок картада Жибек Жолу айыл өкмөтүнө карап турган 292га жер тилкеси Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги деп таанылсын.
2.Орто-Суу айылынын Тескей участкасынын чек арасынын схемалык картасын тактоо жана муниципалдык менчикке алуу боюнча иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн жер адисине жана Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | К.Төрөшев |