Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 27-майы № 1
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүндөгү айрым тармактар боюнча план тапшырмаларын азайтуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 83-беренесине ылайык ошондой эле 2025-жылга Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер бөлүгү боюнча түшүүчү каражаттардын өзгөрүүсүнө байланыштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген киреше пландан айрым тармактар боюнча 7974,3 миң сом азайтылуусуна макулдук берилсин.
2. Отуз –Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген чыгаша пландан 70629, 70823 бөлүмдөрүнөн 7974,3 миң сом азайтылуусуна макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жүктѳлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |