Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 27-майы № 3
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышындагы) XVIII сессиясынын №7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар жөнундө” Мыйзамынын 7-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылыштагы) 2017-жылдын 24-февралындагы XVIII сессиясынын №7 токтомуна өзгөртүү киргизилип жанаОтуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Зымырык” участкасында жайгашкан №12 “Отуз-Адыр” орто мектебине Базибай уулу Асанбектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Тийешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы мектептин директору А.Боронбаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан жана Кара-Суу билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |