Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 27-майы № 4
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык маданият үйүнүн имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайрылуусуна ылайык айыл өкмөтүнүн инфраструктуралык түзүмдөрүн, социалдык-маданий мекемелеринин материалдык техникалык абалын жакшыртуу багытындагы маселелерди карап жана талкуулап чыгып, Отуз-Адыр айылдык маданият үйүнүн капиталдык оңдоосуна колдо көрсөтүү максатында Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан “Отуз-Адыр айылдык маданият үйүнүн имаратын капиталдык оңдоо” долбоору боюнча Кара-Суу районунун өнүктүрүү фондуна сунушталган өтүнмө бекитилсин.
2. “Отуз-Адыр айылдык маданият үйүнүн имаратын капиталдык оңдоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин жалпы чегинде 3455,0 (үч миллион төрт жүз элүү беш миң) миң сом акча каражатын кош каржылоо үчүн жумшалсын.
3 .“Отуз-Адыр айылдык маданият үйүнүн имаратын капиталдык оңдоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн жетишсиз болгон 6533,4 (алты миллион беш жүз отуз үч миң төрт жүз)миң сом акча каражатын бөлүп берүү Кара- Суу районунун өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, долбоорду аягына чыгаруу, акча каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |