Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 31-июлу № 2
Ысманов Түгөлбайга 50,0 (элүү миң) сом материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагынын Жаны-Кызыл-Суу айылынын тургуну Ысманов Түгөлбайдын 2025-жылдын 20-июль күнү чыккан өрттүн кесепетинен турак жайынан ажыраган. Жарандын жазган арызын карап чыгып, талкуулап Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысманов Түгөлбайга 50,0 (элүү миң) сом материалдык жардам көрсөтүүгө макулдук берилсин.
2. Акча каражатын бɵлүп берүү жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башкы эсепчиси Г.Атамбиевага милдеттендирилсин.
3 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |