Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 31-июлу № 3
2015-жылы жер үчүн төлөнгөн акча каражатын кайтарып берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган №30 токтомунда Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Ак-Жар участкасында 4,5 га жер аянтын 231,0(эки жүз отуз бир миң) сомго Атаканов Коңурат сатып алганы тууралуу чечим чыккан бирок Кара-Суу райондук Прокуратурасынын текшерүүсүнөн кийин аталган токтом мыйзамсыз деп табылып жокко чыгарылган. Арызды карап, талкууга алып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылы жер үчүн төлөнгөн акча каражатын кайтарып берүүгө макулдук берилсин
2. 2015-жылы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жер сатып алууга төлөнгөн 231,0 (эки жүз отуз бир миң) сом акча каражатын кайтарып берүү жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Г.Атамбиевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн (Э.Эшиев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |