Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 31-июлу № 6
1-топтогу майып Нышанов Мамасадыкка ижара акысын төлөөдө жеңилдетүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагынын Сары-Колот айылынын тургуну Нышанов Мамасадык (1-топтогу майыптыгы бар, Афган согушунун ардагери ) айыл өкмөтүнɵн алган 6,10 га ижарадагы жер үчүн, ижара акысына жеңилдик берүү өтүнүчү менен кайрылган. Арызды карап чыгып, талкуулап Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нышанов Мамасадыкка ижара акысынан жеңилдик берүүсүнө макулдук берилсин.
2. Сары-Колот айылынын тургуну Нышанов Мамасадыктын 1-топтогу майыптыгы жана Афган согушунун ардагерлиги эске алынып, айыл өкмөт тарабынан дыйкан чарба үчүн берилген жеринин ижара акысын төмөндөгүдөй түрдө жеңилдик берилсин:
А) 1 га жер үчүн 1 жылдык ижара акысы 1000 сом
Б) 3га жер үчүн 1 жылдык ижара акысына 5000 сом
В) 2 га жер үчүн 1 жылдык ижара акысы 10000 сом
ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин
3. Бул токтомду көзөмөлдөɵ Отуз -Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |