Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 31-июлу № 7
Мурдагы Сары-Колот айыл өкмөтүнүн ижара келишимдерин жана айыл өкмөтүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ч.Эшиевдин кайрылуусунун негизинде Сары-Колот айыл өкмөтүнүн мурдагы ижара келишимдериндеги аталыштар менен ижара акысын өзгөртүү маселеси. Административдик – территориялык реформага ылайык , Сары-Колот айыл өкмөтү жоюулуп, Отуз-адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө киргизилгендигине байланыштуу, мурда түзүлгөн ижара келишимдеринде айыл өкмөтүнүн аталышы “Сары-Колот айыл өкмөтү” деп көрсөтүлгөн жана ижара акысы мурдагы өлчөмдө белгиленген .Айыл ɵкмɵтүнүн аталышы ɵзгɵргɵндүгүнɵ байланыштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Мурдагы Сары-Колот айыл өкмөтүнүн ижара келишимдерин жана айыл өкмөтүнүн аталышын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Мурдагы баардык ижара келишимдериндеги “Сары-Колот айыл өкмөтү” деген аталыш “Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтү” деп өзгөртүлсүн.
3. Мурдагы ижара келишимдериндеги жылдык ижара акысы 10,000 (он миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Айыл өкмөтү тийешелүү өзгөртүүлөрдү каттоо жана мыйзам ченемдерине ылайык иш алып барууга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |