Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 31-июлу № 8
“Отуз-Адыр –Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын тɵлɵм тарифин бекитип берүү жɵнүндɵ"
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 31-беренесинин 14 пунктуна ылайык “Отуз-Адыр –Таза-Суу “ муниципалдык ишканасынын тɵлɵм тарифин бекитип берүү боюнча Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Отуз-Адыр–Таза-Суу “ муниципалдык ишканасынын тɵлɵм тарифин Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн айылдарындагы таза суу пайдалануучулардын үйүндɵ таза суу бар жарандар үчүн 150 сом, ташып ичүүчүлɵр үчүн 70 сомго, юридикалык жактар үчүн 79,72 сом м3, коммерциялык багыттагы ишканалар үчүн 90,88 сом м3, социалдык объектер үчүн 31,66 сом м3 бекитип берүүгɵ макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенешинин бюджет, экономика жана укук, коомдук тартип, мыйзамдуулук жана административдик иштер туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |