Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 31-июлу № 9
Отуз-Адыр айыл аймагынын 2025-жылдын 1-августундагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу лизинг жолу менен “Шевролет Треккер” автоунаасын алуу жөнүндө
Кыргыз-Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-июлундагы кезексиз VII сессиясындагы протоколунун негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн материалдык–техникалык базасын чыңдоо максатында Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-июлундагы кезексиз 7-сессиясынын протоколунун. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу лизинг жолу менен “Шевролет Треккер” автоунаасын алууга макулдук берилсин.
2. Отуз-Айыл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эшивке “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу лизинг жолу менен “Шевролет Треккер” автоунаасын алуу үчүн:
- белгиленген тартипте “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жана лизинг милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу жагы тапшырылсын
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесинин 3-пунктунун негизинде жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчун жергиликтүү бюджетте тийешелүү жылдарга акча каражаттарын кароо боюнча сунуштарды киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |