Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 31-июлу № 12
“Назик гүлү” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Отуз-Адыр айылындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда учурда 2 тайпа 60 бала тарбияланууда. Электрондук кезекте 40 бала кезек кутуп турат. Ата-энелердин көптөгөн кайрылууларынын жана Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин №257 токтомуна ылайык, бир тайпадагы максималдуу балдардын саны чектелгендигине байланыштуу, кошумча тайпа ачуу зарылдыгы келип чыккан. Жогорудагыларды эске алуу менен Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-2026-жж жаны окуу жылына карата “Назик гүлү” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |