Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 31-июлу № 17
Отуз-Адыр айыл аймагына 2025-жылга “Дем берүүчү гранттардын” эсебинен айылдардын инфраструктурасын кɵтɵрүүгɵ долбоор тартуу жɵнүндɵ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Отуз-Адыр айылындагы ички кɵчɵсүнɵ асфальт тɵшɵɵ долбооруна Дем берүүчү (үлүштүк) грант алуу үчүн даярдалган долбоорду талкуулап, ɵздүк салым катары 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бɵлүп берүү максатында Отуз-Адыр айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Отуз-Адыр айылындагы А.Атамбиев кɵчɵсүнɵ асфальт тɵшɵɵ” долбоору жактырылсын 741000 ( жети жүз кырк бир миң ) сом акча каражаты ɵздүк салым катары бɵлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (Э.Эшиев)
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика жана инвестицияларды тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |