Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция
министрлигинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 292
буйругуна тиркеме
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча Методикалык көрсөтмө
§1 Жалпы жоболор
1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам жөнүндө жобого карата ушул Методикалык көрсөтмөлөр (мындан ары -Методикалык көрсөтмө) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары үчүн практикалык колдонмо болуп саналат.
2. Методикалык көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобонун нормалары (мындан ары – Жобо) боюнча түшүндүрмөлөрдү жана ушул методикалык көрсөтмөнүн тиркемесинде берилген типтүү формаларды толтуруунун баяндоосун камтыйт.
3. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү (мындан ары – социалдык контракт) кийинки максатарга жетүүгө багытталган:
- оор турмуштук кырдаалдардан чыгуу үчүн үй-бүлөлөрдү активдүү аракеттерге дем берүү;
- социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук катышуу максатында үй-бүлөлөргө жашоо деңгээлин жогорулатууга шыктандыруу;
- үй-бүлөлөрдүн эркин эмгектик жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу;
- үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана көз карандылыкты азайтуу;
- чакан ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.
4. Катышуучулар, өнөктөштөр, социалдык контрактты ишке ашыруу мөөнөтү:
4.1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жана коштоо боюнча өнөктөштөр болуп райондук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөш уюмдар, коомдук жана кайрымдуулук фонддору, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар саналат.
4.2. Потенциалдуу катышуучулар болуп, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр, ошондой эле ишкерлер саналат.
4.3. Социалдык контракттын мөөнөтү: 3 жыл.
5. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер социалдык контрактты каржылоо булактары боло алышат.
§2. Үй-бүлөлөрдү/ишкерлерди тандоо жана Программаны иштеп чыгуу тартиби
6. Жобонун 6-пунктуна түшүндүрмө
6.1. Катышуучуларды тандоонун алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Министрликтин аймактык бөлүмүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жардамы менен үй-бүлөлөргө жана ишкерлерге социалдык контракттын максаттары жана шарттары, катышуучуларды тандоонун критерийлери, ошондой эле бизнес-пландарга жана долбоорлорго коюлуучу талаптар жөнүндө тандоо башталганга чейин кеминде 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен маалымдоого милдеттүү.
Ушул пунктчада көрсөтүлгөн социалдык контракт жөнүндө маалымат берүүгө жооптуу адамдар тиешелүү администрациялык-аймактык бирдикте форматты аныктап, маалыматтык материалдарды даярдап, маалымдоо графигин түзүп, жайгашкан жерине жараша ыкмаларды жана калкты маалымдоонун белгиленген форматтарын колдонушат.
6.2. Социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына караштуу Социалдык маселелер боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) жүргүзөт.
Социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоодо Комиссия анын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону жетекчиликке алат.
7. Жобонун 7- пунктуна түшүндүрмө
7.1. Төмөнкү критерийлерге жооп берген үй-бүлө социалдык контракт түзүүгө укуктуу:
- үй-бүлөнүн жакыр же аз камсыз болгондугун ырастоочу документтин (мисалы, социалдык паспорттун же “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучу статусунун) болушу;
- социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алууга үй-бүлөнүн макулдугу;
- үй-бүлөнүн бизнес-планынын болушу;
- үй-бүлөнүн эмгек жана мүлктүк потенциалынын болушу.
Үй-бүлөнүн “аз камсыз болгон” же “жакыр” статусуна ээ экендиги Министрликтин аймактык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызматкери же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адиси (мындан ары – ЖӨБ органы) тарабынан социалдык келишимди ишке ашырууга катышууну каалаган үй-бүлөлөргө иштерди түзүү процессинде тиешелүү маалымат базалары аркылуу аныкталат.
Социалдык контракт ыктыярдуу негизде түзүлөт, үй-бүлөнү социалдык контракт түзүүгө эч ким мажбурлоого укугу жок.
Үй-бүлөнүн мүлктүк жана эмгек потенциалына ээ болушу бизнес-пландын шарттарына жараша болот. Эгерде бизнес-пландын ишке ашырылышы көрсөтүлгөн потенциалдардын болушун талап кылса, анда алардын болушу милдеттүү болуп саналат. Эгерде бизнес-планды ишке ашыруу социалдык контракт түзгөн адамдын катышуусу менен гана мүмкүн болсо, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн эмгек потенциалына болгон муктаждыгы жоголот.
Тандоодо комиссия ар бир үй-бүлө үчүн жекече социалдык контрактты ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карайт.