Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 18-августу № 14/3
Кара-Бүргөн айылынын тургундарынын 2025-жылдын 8-апрелинде №9 жыйынында кабыл алган жазгы талаа жумуштарына, сугат, чөп чабык жана жайыт пайдалануу тартибине байланыштуу сунуштарын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2025-жылдын 8-апрелиндеги №9 Кара-Бүргөн айылынын тургундарынын жалпы жыйынында кабыл алынган чечимдерди карап чыгып, жазгы айдап-себүү, чөп чабуу өнөктүгү жана жайлоого көчүп-конуу мезгилине байланыштуу айыл тургундарынын сунуштарын, айыл турмушунун шарттарын эске алуу менен Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат
1. Төмөнкү сунушталган тарифтер жана тартиптер 2025–2026-2027-жылдар аралыгында Кара-Бүргөн айылынын тургундарына колдонууга сунуш кылынсын.
Айдап-себүү иштери (1 га үчүн):
Жер түрү | Айдоо | Малалоо | Себүү | Жалпысы | Күйүүчү май |
Мурун айдалган жер | 1700 сом | 900 сом | 900 сом | 3500 сом | 50 литр |
Жаңы айдалып жаткан жер | 2200 сом | 900 сом | 900 сом | 4000 сом | 50 литр |
· Шакап салуу – 100 сом жана 3 литр күйүүчү май
Сугат иштери:
Түшүндүрмө | Акысы |
Жер сугат (1 га) | 2200 сом |
Кара-сугат (1 га) | 3500 сом |
Чөп чабык иштери:
Кызмат | Акысы |
Жатка (1 га) | 1500 сом жана 10 литр күйүүчү май |
Пресс (1 даана) | 13 сом жана 10 литр күйүүчү май |
Жазгы сугат иштеринде айдалуучу жерлердин сугаты бүтмөйүнчө башка сугат иштери жүргүзүлбөсүн — деп сунушталсын.
Ар жылдын 25-апрелинен баштап Кара-Бүргөн айыл аймагында коомдук корук уюштурулушу сунушталсын.
Бадачы акысы жана жайыт пайдалануу тартиби төмөнкүдөй сунушталсын:
Бада акысы (жылдык):
Мал түрү | Акысы |
Ири мүйүздүү мал | 600 сом |
Майда жандык (кой, эчки, козу, улак) | 80 сом |
Жылкы | Мал ээси менен бадачы өз ара сүйлөшүү жолу менен макулдашат |
Жайыт акысы (жылдык) бекитилсин.
Мал түрү | Акысы |
Жылкы | 100 сом |
Уй | 100 сом |
Топоз | 100 сом |
Кой, эчки | 20 сом |
Мал жоготууга байланыштуу жоопкерчилик:
Мал түрү | Бадачы төлөй турган сумма |
Козу | 8 000 сом |
Кой | 12 000 сом |
Торпок | 35 000 сом |
Уй | 60 000 сом |
Кулун | 30 000 сом |
Жылкы | 75 000 сом |
Эгерде мал оорудан же табигый кырсыктан өлсө, ал далил менен тастыкталса, бадачы жоопкерчилик тартпайт.
Көчүп-конуу мөөнөтү төмөнкүдөй сунушталсын: