Редакцияот 07.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Катта –Талдык айылдык Кенешинин кезектеги X сессиясынын

(жетинчи чакырылышынын)

 

2022-жылдын 7-апрели № 10/1

 

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 1974-жылы жасалган Кызыл-Ордо айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Катта-Талдык айылдык кеӊешинин аймагындагы Кызыл-Ордо айылынын тургундарынын суроо талабын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын, Жер кодексинин 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Катта-Талдык айылдык кеӊеши.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кызыл-Ордо айылындагы 1974-жылы жасалган башкы пландагы 0,08 га жер тилкесинен 0,06 жер тилкесине өзгөртүлүп берилсин

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы. Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Катта-Талдык айылдык

кеӊешинин төрагасы:

А. А. Муратов