Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 678 токтомуна)
Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын ишин контролдоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Макулдук алууга арызды берүү жана кароо
1. Ушул Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын ишин контролдоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптарды, ошондой эле алардын ишин контролдоо тартибин аныктайт жана белгилейт.
2. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмду (мындан ары - уюм) түзүүгө макулдугу жөнүндө чечимин алуу үчүн уюм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берет.
3. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) уюмдун аталышы, анын каттоо маалыматтары, иш жүзүндөгү дареги;
2) "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 44-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган, уюм аларды башкарууну ниеттенген жамааттык башкаруу укуктарынын категориясы;
3) ыйгарым укуктуу адамдын колу жана уюмдун мөөрү.
4. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
2) ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар менен документтер;
3) уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн берилген документтердин тизмеси;
4) арыз уюмдун өкүлү тарабынан берилген учурда тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат.
5. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик же расмий тилде берилет.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды алууда номерди ыйгаруу жана кабыл алган датаны көрсөтүү менен арыздарды каттоо журналына каттайт, ошол эле учурда документтердин тизмесинин арыз ээсинде калуучу нускасында арыздын алынгандыгы жөнүндө белги коюлат.
Арыз ээси Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Арыз ээси комиссиянын (мындан ары - Комиссия) арыздарды кароо боюнча жыйналышы өтүүчү датага чейин каалаган убакта арызын чакыртып алууга укуктуу.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтерде камтылган маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерет.
Эгер ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтерди текшерүү процессинде документтердин ушул Жобонун талаптарын бузуу менен берилгендиги белгиленсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суроо-талапты жиберген учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюу сунушу менен арыз ээсине суроо-талапты жиберет.
Арыз ээси аныкталган кемчиликтерди көрсөтүлгөн мөөнөттө жойбосо, ал боюнча иш кагаздарын жүргүзүү токтотулат. Арыз ага тиркелген документтер менен кол койдуруу менен арыз ээсине тапшыруу же болбосо тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен заказдык почта менен көрсөтүлгөн документтерди жиберүү аркылуу кайтарылат.
8. Арыз Комиссиянын жыйналышында уюмдун өкүлүнүн катышуусу менен каралат.
9. Комиссия жөнүндө жобо, анын жеке жана сандык курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү, арыз каралган учурга чейин алардын мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берген авторлор жана чектеш укуктардын ээлери кирет.
10. Эгер жыйналышка Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышса, ал арызды кароого укуктуу болот. Комиссиянын чечими анын жыйналышына катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда учурда Комиссиянын төрагасы чечүүчү добушка ээ болот.
Комиссиянын жыйналышы комиссиянын мүчөлөрүнүн биргелешкен катышуусунда же болбосо видеоконференция режиминде электрондук коммуникация аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн сырттан добуш берүү аркылуу чечим кабыл алуусуна жана өзүнүн ыйгарым укуктарын башка жактарга өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
11. Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча Комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине Комиссиянын мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмду түзүүгө макулдугу же макул эместиги жөнүндө чечимин киргизет, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.