Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 18-августу № 14/4
Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарынын 2025-жылдын 9-апрелинде №10 жыйынында кабыл алган жазгы талаа жумуштарына, сугат, чөп чабык жана жайыт пайдалануу тартибине байланыштуу сунуштарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2025-жылдын 9-апрелиндеги №10 Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарынын жалпы жыйынында кабыл алынган чечимдерди карап чыгып, жазгы айдап-себүү, чөп чабуу өнөктүгү жана жайлоого көчүп-конуу мезгилине байланыштуу айыл тургундарынын сунуштарын, айыл турмушунун шарттарын эске алуу менен Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат
1. Төмөнкү сунушталган тарифтер жана тартиптер2025–2026-2027-жылдар аралыгындаАк-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарына колдонууга сунуш кылынсын.
Айдап-себүү иштери (1 га үчүн):
Жер түрү | Айдоо | Малалоо | Себүү | Жалпысы | Күйүүчү май |
Мурун айдалган жер | 2100 сом | 800 сом | 800 сом | 3700 сом | 45 литр |
Жаңы айдалып жаткан жер | 2100 сом | 800 сом | 800 сом | 3700 сом | 45 литр |
· Шакап салуу – 100 сом жана 3 литр күйүүчү май
Чөп чабык иштери:
Кызмат | Акысы |
Жатка (1 га) | 1300 сом жана 10 литр күйүүчү май |
Пресс (1 даана) | 15 сом жана 10 литр күйүүчү май |
Бадачы акысы жана жайыт пайдалануу тартиби төмөнкүдөй сунушталсын:
Бада акысы (жылдык):
Мал түрү | Акысы |
Ири мүйүздүү мал | 500 сом |
Майда жандык (кой, эчки, козу, улак) | 80 сом |
Жылкы | Жылкы ээлери өз ара сүйлөшүү жолу менен чечет |
Жайыт акысы (жылдык) бекитилсин.
Мал түрү | Акысы |
Жылкы | 100 сом |
Уй | 100 сом |
Топоз | 100 сом |
Кой, эчки | 20 сом |
Мал жоготууга байланыштуу жоопкерчилик:
Мал түрү | Бадачы төлөй турган сумма |
Козу | 8 000 сом |
Кой | 12 000 сом |
Торпок | 35 000 сом |
Уй | 60 000 сом |
Кулун | 30 000 сом |
Жылкы | 75 000 сом |
Эгерде мал оорудан же табигый кырсыктан өлсө, ал далил менен тастыкталса, бадачы жоопкерчилик тартпайт.
Көчүп-конуу мөөнөтү төмөнкүдөй сунушталсын:
· Орто жайлоолорго көчүү – Ар жылдын 1-майына чейин
· Сырт жайлоолорго – Ар жылдын 1-июнунан 1-октябрына чейин
· Мал 1-октябрга чейин сырткы жайлоолордо кармалышы сунушталат.
Орто жайлоолордо кароосуз калган мал үчүн чаралар: