Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 690 токтомуна)
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ТИПТҮҮ УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор жана укуктук статусу
1. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун типтүү уставы (мындан ары - Типтүү устав) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун негизги максаттарын жана милдеттерин, укуктук абалын аныктайт, башкаруу түзүмүн, башкаруу жана тең башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин белгилейт.
2. Бул Типтүү устав балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү болуп саналат жана жеке менчик формасындагы балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн үлгү катары пайдаланылышы мүмкүн.
3. Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы билим берүү уюму мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишинин мөөнөтү чектелбейт.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары болуп саналат.
5. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат жана өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, ыкчам башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ болууга, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттарга, өз алдынча баланска, банктардагы алыш-бериш жана башка эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, штампка жана бланктарга ээ болууга укуктуу.
6. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму юридикалык жактын же филиалдын статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүгө, аларга обочолонгон мүлк берүүгө укуктуу.
7. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставы төмөнкү главалардан турат:
1) жалпы жоболор жана укуктук статусу;
2) иштин негизги максаттары жана предмети;
3) башкаруу жана тең башкаруу органдары;
4) билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери;
5) мүлкү жана финансылык-чарбалык иши;
6) эсепке алуу, отчеттуулук жана аудит;
7) кайра уюштуруу жана жоюу тартиби;
8) корутунду жоболор.
8. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставы Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларынын жоболорун эске алуу менен ушул Типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат.
9. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында төмөнкүлөр милдеттүү түрдө көрсөтүлөт: мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), ошондой эле уюштуруучу (толук фирмалык аталышы, реквизиттери жана юридикалык дареги). Уюмда юридикалык жактын статусу бар түзүмдүк бөлүм же филиал болгон учурда уставда анын дареги кошумча көрсөтүлөт.
10. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму уставды Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Типтүү уставга ылайык өз алдынча иштеп чыгат.
2-глава. Иштин негизги максаттары жана предмети
11. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун негизги максаттары билим алуучулардын жалпы инсандык маданиятын калыптандыруу, алардын жеке өзүн-өзү аныктоосун өнүктүрүү, жөндөмдөрүн ишке ашыруу, коомдогу социалдык жашоого адаптациялоо, жарандык аң-сезимин, жалпы маданиятын, Ата Мекенди сүйүүгө, адамдын укуктары менен эркиндиктерин, үй-бүлөнүн баалуулуктарын жана курчап турган жаратылышты урматтоого калыптандыруу, ошондой эле толеранттуулукка, эмгекти сүйүүгө, сергек жашоо мүнөзүн жана уюшкандыкты жактоого тарбиялоо болуп саналат.
12. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму билим алуучуларды инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында окутууну жана тарбиялоону жүзөгө ашырат, инсандын ден соолугун коргоону жана ар тараптуу өнүгүүсү, анын ичинде өз алдынча билим алууга жана кошумча билим алууга болгон керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат.
13. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында иштин негизги жана кошумча түрлөрү, анын ичинде акы төлөнүүчү негиздеги иштин түрлөрү көрсөтүлөт.
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишинин негизги түрлөрү Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жободо каралган багыттар боюнча кошумча билим берүү программаларын ишке ашырууну камтыйт.
Иштин негизги түрлөрү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
Иштин кошумча түрлөрүнө билим берүү, маданий-агартуу, эс алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлүүчү башка кызматтар кирет.
Иштин кошумча түрлөрү, анын ичинде акы төлөнүүчү негиздеги билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ийрим иштеринин чектүү ставкаларынан тышкары ишке ашырылат.
Иштин конкреттүү негизги жана кошумча түрлөрүнүн тизмеги балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун профилин, багытын, материалдык-техникалык базасын жана кадрдык потенциалын эске алуу менен аныкталат.
Акы төлөнүүчү негиздеги кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму менен билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде билим алуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен көрсөтүлөт.
Топтордун толушу төмөнкүдөй:
- спорттук жана бий жамааттары - 15-30 бала;
- калган топтор - кеминде 10-20 бала;
- кичи топтор - 5-6 адам.
Зээндүү балдар менен сабактар жекече түрдө өткөрүлүшү мүмкүн.
Сабактардын узактыгы төмөнкүдөй түрдө белгиленет:
- 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн - 30 мүнөт;
- 8 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн - 45 мүнөт.
Топтордун ишине балдар менен бирге алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) шарттар жана топтун жетекчисинин макулдугу болгон учурда топтун негизги курамына киргизилбестен катыша алышат.
14. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) билим берүү процессин уюштуруу тартиби;
2) иштин багыттары;
3) программаларды өздөштүрүүнүн формалары жана окутуунун тили;
4) топтордун (бирикмелердин) чектүү толушу, сабактардын, окуу жумасынын жана окуу жылынын узактыгы.