Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

3-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 690 токтомуна)

 

Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин (мындан ары - кошумча билим берүү уюмунун жетекчиси) бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандап алуунун (мындан ары - Конкурс) максаттарын жана милдеттерин, ошондой эле тартибин аныктайт.

2. Конкурс билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана инсандык сапаттарын, ошондой эле алардын кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна карата белгиленген квалификациялык талаптарга, кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоо максатында өткөрүлөт.

3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти координациялоо конкурстук комиссияга жүктөлөт, анын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Комиссиянын түзүмү жана курамы:

- комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;

- комиссиянын катчысы - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан аныкталган жооптуу кызматкер;

- комиссиянын мүчөлөрү, анын ичинде кошумча билим берүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, билим берүү чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперттер.

6. Конкурстук комиссия:

1) Департамент менен биргеликте Конкурсту өткөрүү мөөнөттөрүн аныктайт;

2) билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары тарабынан берилген арыздарга ылайык кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмесин түзөт жана бекитет жана Конкурс жарыялайт;

3) Департамент тарабынан берилген отчеттун негизинде Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин бекитет.

7. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) квалификациялык талаптар - кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билиминин жана адистигинин деңгээлине, адистиги боюнча иш стажына, кесиптик билимине жана жөндөмүнө карата талаптар;

2) квалификациялык тестирлөө - талапкердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жана анын квалификациялык талаптарга шайкештигин аныктоого багытталган тестирлөөнүн объективдүү жана ачык-айкын жол-жобосу;

3) конкурс - ушул Жобого ылайык өткөрүлүүчү талапкерлердин компетенцияларын жана алар тарабынан берилген документтердин ушул Жобонун талаптарына алардын шайкештигин баалоо жол-жобосу;

4) талапкер - кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө Конкурска катышууну каалагандыгын кат жүзүндө билдирген жеке жак;

5) документтерди экспертизалоо - квалификациялык талаптарга алардын шайкештигин ырастоо жана квалификациялык тестирлөөгө уруксат берүү максатында Конкурстан өтүү үчүн талапкер тарабынан берилген документтерди иликтөө жол-жобосу;

6) талапкердин компетенциясы - талапкердин белгилүү бир кесиптик милдеттерди чечүүгө болгон жеке жана кесиптик жөндөмдүүлүгү;

7) техникалык апелляция - талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде квалификациялык тестирлөөнүн жыйынтыктарын текшерүү жол-жобосу;

8) сыноо мөөнөтү - иш берүүчү кошумча билим берүү уюмунун жетекчисин ишти аткарууга анын жарактуулугун жана кесиптик сапаттарын текшерген убакыт аралыгы.

2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери

8. Конкурстун максаты кошумча билим берүү чөйрөсүндө зарыл компетенцияларга, жогорку башкаруучулук сапаттарга ээ, тиешелүү жогорку педагогикалык билими бар адамдарды конкурстук негизде тандоо болуп саналат.

9. Конкурстун милдеттери кошумча билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй жетекчилик курамын түзүүгө багытталган мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу; билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана жеке сапаттарын, алардын кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат орду үчүн белгиленген кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоо системасын өркүндөтүү болуп саналат.