Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 18-августу № 14/5
2025-жылга карата оруп-жыйноочу комбайндын кызмат акысы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле айыл аймакта айыл чарба иштеринин жүргүзүлүшүн жана тургундардын социалдык-экономикалык шарттарын эске алуу менен, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. 2025-жылдагы түшүмдү оруп-жыйноо өнөктүгү учурунда айыл аймактагы жеке менчик оруп-жыйноочу комбайндын кызмат көрсөтүү акысын 1 (бир) га жер үчүн 4 500 (төрт миң беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасына тиешелүү муниципалдык менчиктеги комбайн тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акысы 1 (бир) га жер үчүн 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтом айыл аймагындагы айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө, тургундарга жана тиешелүү муниципалдык органдарга маалымдалсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин агрардык жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеӊештин төрагасы | Б. Кемелов |