Редакцияот 29.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясынын

(жетинчи чакырылышынын)

 

 

2022-жылдын 29-июлундагы № 11/4

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо министирлигинин 2022-жылдын июнь айындагы №03/169 чыгыш катынын негизинде Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы маданият үйүнүн алдында жайгашкан Улуу Ата Мекендик согуштагы советтик аскерлердин элесине курулган эстеликтин жанына М-30 үлгүсүндөгү 122мм гаубицаны орнотууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Коргоо министирлигинин 2022-жылдын июнь айындагы №03/169 чыгыш катынын негизинде Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы маданият үйүнүн алдында жайгашкан Улуу Мекендик согуштагы советтик аскерлердин элесине курулган эстеликтин жанына М-30 үлгүсүндөгү 122 мм гаубицаны орнотууга макулдук берүү максатында Катта-Талдык айылдык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айлындагы маданият үйүнүн алдында жайгашкан Улуу Ата Мекендик согуштагы советтик аскерлердин элесине курулган эстеликтин жанындагы 36м² жер тилкесине М-30 үлгүсүндөгү 122 мм гаубицаны орнотууга макулдук берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Катта-Талдык өкмөтүнө тапшырылсын .

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын .

 

 

Катта-Талдык айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

А. А. Муратов