Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XV КЕЗЕКCИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 3-ноябры №81/15-6
Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын
резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-октябрындагы кириш №01-08/62 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Мандат, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкарууну түзүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30‑октябрындагы отурумунун №6 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6‑ноябрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин бекитилген тизмеси Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Мандат, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкарууну түзүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Т.Тынайбеков |
Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 3-ноябрындагы №81/15-6 токтомуна тиркеме |
Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркемеси)