Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-август №9-2
Ат-Башы айылынын Ак-Өргө конушунда жайгашкан муниципалдык менчиктеги 2000 чарчы метр жер аянтын Ат-Башы районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына административдик жаңы имарат куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
Ат-Башы айылынын Ак-Өргө конушунда жайгашкан муниципалдык менчиктеги 2000 чарчы метр жер аянтын Ат-Башы районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына административдик жаңы имарат куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө сунуш каралып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана тиешелүү укуктук-ченемдик актыларга ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын Ак-Өргө конушунда жайгашкан муниципалдык менчиктеги 2000 чарчы метр жер аянты Ат-Башы районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына административдик жаңы имарат куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;
2. Ат-Башы районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына тиешелүү Нефтебаза чөлкөмүндө жагашкан 614 чарчы метр жер аянты Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн менчигине өткөрүлүп берилсин;
3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү жогорудагы жер аянттарын пайдаланууга өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу боюнча тиешелүү документтерди жана каттоо иштерин мыйзам чегинде камсыз кылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге жүктөлсүн.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|