ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
15-июнь 2023-жыл №51/28-ХVII
Кырмандын аймагында көрсөтүлүүчү кызматтардын наркын бекитүү жөнүндө
Экономист-баалоочу жүргүзгөн маркетингдик изилдөөнүн негизинде "Лирана" ЖЧКсынын "Ысык-Ата району, Туз айылы, Тентишев көчөсү, н/ж дарегинде жайгашкан кырманда аймагында көрсөтүлүүчү кызматтардын рыноктук наркын баалоо жөнүндө" отчетун карап чыгып, Туз айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кырмандын аймагында көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын бекитилсин:
- данды жүктөө -1 тонна: 100 (жүз)сом
- данды таразалоо-1 тонна: 30 (отуз )сом
- кырмандын аймагында убактылуу сактоо менен данды кургатуу-1 тонна: 50 (элүү) сом
- данды тазалоо-1 тонна:100 (жүз) сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Туз айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туз айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Салтыкеев Б.К. |