Редакцияот 15.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

15-июнь 2023-жыл №55/28-ХVII

 

Туз айыл аймагындагы жер участогун которуу жөнүндө

Туз айыл аймагында жайгашкан аянты 0,70 га болгон “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер участогун которуу жөнүндөгү дайындалган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобосунун жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 18 беренелерине ылайык, Туз айылдык Кенеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Туз айыл аймагынын №83 контурунда жайгашкан аянты 0,70 га болгон “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” түрүндөгү жалпы аянты 0,70 га болгон жер участогун, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Женил конструкциядагы спорттук, жашылдандыруу парк жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына, спорттук, жашылдандыруу паркын куруу максатында которууга макулдук берилсин.

2. Бул буйрук Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын Туз айылдык Кенешинин туруктуу жер комиссиясына жана Туз айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

Туз айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Салтыкеев Б.К.