ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
18-сентябрь 2023-жыл №58/28-ХX
Декадалык жөнгө салуу бассейнин Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Туз айыл кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясында, Туз айыл аймагынын “Торпу” Суу пайдалануучу ассоциациясынын 22.08.2023-ж. протоколундагы сунуштарын жана пикирлерин эске алып, Туз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айыл өкмөтүнө караштуу Туз айылында жайгашкан декадалык жөнгө салуу бассейнин айыл өкмөтүнүн балансынан Мамлекеттик менчикке алып, Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө, дыйкандардын суроо талаптары канааттандырылсын.
2. Мамлекеттик менчике өткөндөн кийин жеке менчикке берилбөөсү каралсын.
3. Туз айыл аймагынын Туз айылындагы декадалык жөнгө салуу бассейнди Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүнү чечүү жагы Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин астындагы Суу ресурстары кызматы мамлекеттик мекемесинен суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Туз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ш Дононбаевке жүктөлсүн.
Туз айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Салтыкеев Б.К. |