Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин
VIIIчакырылышынын IX сессиясы
2025-жылдын 13-октябрындагы №133
Бар-Булак термо-минералдык ысык суусун конкурс аркылуу ижара берүүгѳ макулдук берүү жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Бар-Булак термо-минералдык ысык суусун конкурс аркылуу ижара берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага Эркинбек уулу С.