ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
18-сентябрь 2023-жыл №59/28-ХX
Сыйлоо жөнүндө
Туз айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларын сыйлоо жөнүндө финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Н.Бектемированын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 145-беренесинин, 2004-жылдын 25-майындагы, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 29 жана 31-беренелеринин негизинде, 30-май 2016-жыл 75-берене, муниципалдык кызматчыларды эмгектин сапаты жана натыйжасы үчүн шыктандыруу максатында Туз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 9 айдын ичинде планды ашыра аткарууга байланыштуу айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларын штаттык ырааттамага ылайык бир эмгек акы 193,3 миң сом суммасында сыйлансын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Туз айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Салтыкеев Б.К. |