Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-август №9-3
2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, ошондой эле Ат-Башы айыл аймагынын 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматты угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин берген отчету “канааттандырарлык” деп табылсын;
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнө – отчетто айтылган маселелерди эске алуу менен калган алты ай ичинде ишти жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын;
3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына – отчетто камтылган маселелердин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана айылдык кеңешке тиешелүү сунуштарды берүү милдеттендирилсин.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|